Казакстан Кыргызстандан «Куликовский» кондитердик азыктарын алып кирүүгө уруксат берди

10 января 2018 15:29 749 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын бийлиги Кыргызстандан барчу кондитердик азык-түлүктөрдү алып кирүү жана сатууга киргизилген убактылуу чектөөлөрдү жойду. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин расмий сайтында маалымдалган.

Ведомстводон билдиргендей, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги “санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды” жүргүзгөнү жана “Куликовский кондитердик үйү” ишканасына карата “көзөмөлдү күчөткөнү” чектөөлөрдү алып салууга себеп болгон.

Комитет талапка төп келбеген продукцияларды сатуу тобокелчилигин төмөндөтүү үчүн жогорудагы ишканалардын товарларынын коопсуздугуна байкоо жүргүзүүнү улантарын белгилеген. Бул Евразиялык экономикалык комиссиянын чечимине жараша жүзөгө ашат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен түшүндүрүшкөндөй, кондитердик азыктар 3 ай ичинде лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүлмөкчү.

Ссылка: https://barometr.kg/content10565



Добавить комментарий