Ырчы Жумагүл Раимжан кызы ак өргөлүү болду

10 января 2018 15:22 3826 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз эстарадасында “Бир келип кетчи Ош жака”, “Оорусаңыз таарынам”, “Сагынды сени” аттуу ырларды ийне жеткире аткарып, чыгармачылыгын улантып келет жаткан эстрада ырчысы Жумагүл Райымжан кызы ак өргөлүү болгонун  barometr.kgге билдирди.

“Буга чейин Ош шаарында ата-энем менен чогуу жер үйдө турат элек. Өткөн жылы көптөн күткөн тилегим орундалып көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 2 бөлмөлүү үйлүү болдум. Азыр үй-бүлөбүз жаңы үйүмдө жашап жатабыз. Кудайга шүгүр өткөн жыл мен үчүн чыгармачылыгымда жемиштүү жылдардан болду. “Оорусаңыз таарынам” аттуу ыр эл арасында жакшы кабыл алынып, той-топурларга чакыруулар жана чет өлкөдөн дагы чакыруулар көп болуп жатты”,-деди Жумагүл Раимжан кызы.

Ырчы азыр быйылкы жылдын эсебинен эс алууга чыкпаганын, жакынкы күндөрү чыгармачылыкка киришип, жаңы ырларды ырдап чыга турганын кошумчалады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10564



Добавить комментарий