Amazon компаниясынын негиздөөчүсү тарыхтагы эң бай адам болду

10 января 2018 15:13 644 Barometr
Поделиться в:
ok

Amazon интернет-ишканасынын жетекчиси Джефф Безос тарыхтагы эң бай адам болду. Анын байлыгы 105,1 млрд долларды түздү. Бул тууралуу CNN америкалык телеканалы кабарлады.

Канал билдиргендей, Безостун капиталы Амазон акцияларынын наркынын өсүшүнүн эсебинен көбөйгөн. Кагаздар январдан баштап кымбаттай баштаган (6,62 %га 1,3 миң долларга дейре). Bloomberg агенттиги жарыялаган миллиардерлер рейтингинде Джеффтин байлыгы 105,1 млрд долларга бааланган.

CNN телеканалынын маалыматында, буга чейин тарыхтагы эң бай адам катарында Майкрософт ишканасынын негиздөөчүсү Билл Гейт эсептелчү. Анын капиталы 1999-жылы 100 млрд доллардан бир аз ашкан. 2017-жылы активдердин баалары менен Безос Гейтти ашып өткөн. Безоско, Washington Post гезити, космостук кемелерди иштеп чыгаруучу Blue Origin компаниясы таандык.

Белгилесек, Amazon – бул дүйнөдөгү ири компания, ал өзүнүн товарлары менен кызматтарын интернет аркылуу сатыкка чыгарып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10563



Добавить комментарий