Акаев: «Эл өкүлдөрүн талапкердин программасы эмес аны ким сунуштаганы көбүрөөк кызыктырат»

10 января 2018 14:53 1132 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Жанар Акаев кесиптештеринин приоритеттери туурасында айтып берди.

Анын айтымында, депутаттар өз ара талапкерлерди талкуулап жатканда алардын программалары жөнүндө сурашпайт, эл өкүлдөрүн ал талапкерди ким сунуштаганы кызыктырат.

"Бүгүн дагы бир вице-премьер-министр шайланды. Кызыгы, парламентте «бул киши ушул тармакты өзгөртөт экен, мындай жаңычылдык сунуштап жатыптыр, мындай реформаларды жасоого ниеттенип жатат» деген сөз такыр болбойт, анын ордуна, «ким түртүп жатыптыр, кимдин адамы экен» деген эле сөдөр. Туруктуу программа менен туруктуу команда иштегенге азыр бардык шарт бар, оппозиция жок, эми кандай шылтоо болушу мүмкүн?»,-деп нааразы болду депутат.

Эске салсак, бүгүн, 10-январда, эл өкүлдөрү, өкмөт башчы Сапар Исаков тарабынан вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Муканбетов Санжар Турдукожоевичтин талапкерлигин жактырды. Талапкер тууралуу маалымат менен биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тааныштырды. С.Муканбетов депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Бир катар депутаттар Муканбетовдун кесипкөйлүгүн жана таза кадыр-баркын белгилеп өттү.

Талкуунун жыйынтыгында эл өкүлдөрү, аталган кызм ат ордуна С.Муканбетовдун  талапкерлигин жактырды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10562



Добавить комментарий