Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрликке Муканбетовдун талапкерлигин жактырды

10 января 2018 12:03 862 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин жыйынында, бүгүн, 10-январда, эл өкүлдөрү, өкмөт башчы Сапар Исаков тарабынан вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Муканбетов Санжар Турдукожоевичтин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан билдиришти.

Талапкер тууралуу маалымат менен биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тааныштырды. С.Муканбетов депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Бир катар депутаттар Муканбетовдун кесипкөйлүгүн жана таза кадыр-баркын белгилеп өттү.

Талкуунун жыйынтыгында эл өкүлдөрү, аталган кызм ат ордуна С.Муканбетовдун  талапкерлигин жактырды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10557



Добавить комментарий