2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды

10 января 2018 11:49 2163 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-январда Нарын облусундагы Жумгал районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди. Президент тарабынан 2018-жылдын 9-январында кол коюлган “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгы аймактарды өнүктүрүүдөгү негизги документ болот.

“2018-жылы аймактарды өнүктүрүүдө системдүү өзгөрүүлөргө негиз түптөлүшү керек. Бул бийликтин бардык бутактарынын, жарандык коомдун бирдиктүү аракеттерин талап кылат. Жогорку Кеңешке, Кыргыз өкмөтүнө аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар берилди. Эми региондорду өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү, комплекстүү пландары иштелип чыгат, айылдарды, шаарларды жана башка аймактык бирдиктерди пландоо стандарттары бекитилет”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбеков аймактарда жаңы жумушчу орундарды ачууга  өзгөчө көңүл бөлүнөөрүн,  бул тышкы жана ички миграциянын кескин азаюусуна алып келээрин белгиледи.

Ошондой эле аракеттер аймактардын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн  колдоого, чакан жана орто ишкерликти  өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, аймактардын экономикалык өнүгүүсүн шарттаган инвестицияларды тартууга багытталат.

“Кайсы бир  аймактан аттуу-баштуу чиновник же депутат чыкса, ал аймакка бюджеттик каражаттарды бөлүштүрөт, тескерисинче каралбай калган да айыл-кыштактар бар. Кээ бир аймактарда мектептер,ооруканалар курулбай калган. Биз аймактарды өнүктүрүүдө ушундай көрүнүшкө жол бербеш керек, бюджеттик жана инвестициялык каражаттар муктаждыкка жараша пландуу бөлүнүшү зарыл”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10556



Добавить комментарий