Депутаттар: Өкмөт 4 вице-премьердин милдетин так бөлүштүрүүсү зарыл
Поделиться в:
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 10-январда, парламенттин жыйынында, өкмөттүн курамындагы 4 вице-премьер-министрдин болуу жөндүүлүгүн карап чыгышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан кабарлашты.
Анда өкмөт вице-премьер-министрлердин функционалдык милдеттерин так бөлүштүрүүсү керектиги айтылды. Анткени буга чейин, вице-премьер-министрлердин бири чек аралардын коопсуздугу менен укук тартиби маселелерине көзөмөл жасашы керек болчу. Жыйында белгиленгендей, бүгүнкү күндө вице-премьер-министрлердин милдеттерин бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулук көрүнбөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/content10555
Добавить комментарий ×