Чүй жана Ош областык сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

10 января 2018 11:25 633 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областык сотунун судьясы Индира Айтбаева жана Ош областык сотунун судьясы Мамасалы Токтомушевдин ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу КР президентинин расмий сайтында маалымдалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Чүй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Айтбаева Индира Мукашевна жана Ош облустук сотунда судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Токтомушев Мамасалы Мырзашевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, алардын аталган соттордогу судьялык ыйгарым укуктары токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10552



Добавить комментарий