Москвада киши колдуу өлгөн кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жеткирилди

10 января 2018 10:21 1079 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 10-январда, Москвада киши колдуу болуп өлгөн эки кыргызстандык жарандын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу Barometr.kg редакциясына маркумдардын туугандары кабарлашты. Сөөктөр бүгүн эртең менен саат 5:45те алынып келди.

"Учак менен маркумдардын сөөгү келди. Москвадагы кыргыз мигранттары сөөктөрдү алып келүү үчүн каражат чогултууга көмөктөштү»,-дейт туугандары.

Эске салсак, 8-январда, Москвада көлмөдөн эки кыргыз жаранынын жансыз денеси табылган. Колдонуучулар маркумдардын сөөгүн тануу өтүнүчү менен коомчулука кайрылып алардын сүрөтүн тартып алып таратышкан.

Ал эми россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында көлмөдө эркек кишинин сөөгү табылганы боюнча кыскача кабар жарыяланган.

Кийин туугандары сөөктөрдү таанып, маркумдарды туугандары 28-декабрдан баштап издеп баштаганы белгилүү болгон.

Barometr.kg сайтына каза болгон тургундардын биринин үй-бүлөсүнүн досу болгон Жылдыз Осмонова билдиргендей, маркум Мурат менен Искен Москвада иштеп жүрүшкөн, алар евро оңдоо жумуштары менен алектенчү.

Аларды акыркы жолу 28-декабрда, «Алмаз» кафесинин чыга беришинен көрүшкөн, Мурат менен Искенди ошол учурда белгисиз бирөөлөр унаага түртүп киргизишкен. Ошондон бери аларды эч ким көргөн эмес. Туугандары болсо бардык жактан издегенине карабастан жыйынтык чыккан эмес.

Кыргызстандын ИИМнин маалыматы боюнча, каза болгон жарандардын бири, 37 жаштагы Искендер Жолборсов 2015-жылдан бери кылмыштуу топтун мүчөсү катарында учетто турчу. Ал эми экинчи тургун, 37 жаштагы Муратбек Маматалиевдин мындай кылмыштуу топторго тиешеси жок.

Ссылка: https://barometr.kg/content10543



Добавить комментарий