Исаков: «Жарандар үчүн сүйүнчү жөлөк пулун алууну жеңилдетүү керек»

10 января 2018 09:23 1320 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 9-январда, бала төрөлгөндө бериле турган «сүйүнчү» жөлөк пул боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчы өлкөнүн жарандары үчүн бул процедуралдарды максималдуу түрдө жөнөкөйлөштүрүү жана жөлөк пул алуу үчүн арыз тапшырууда бюрократиялык кечиктирүүлөрдү азайтуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев, премьер-министрдин буга чейин тапшырган тапшырмасына ылайык, сүйүнчү жөлөк пулун төлөө системасын оптималдаштыруу максатында, ведомство тарабынан, Каттоо кызматы жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ортосунда толук электрондук биргелешкен аракеттер башталганын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/content10539



Добавить комментарий