Араванда 28 жаштагы жаран бирөөнүн унаасын айдап качкан

9 января 2018 17:30 925 Barometr
Поделиться в:
ok

Араван районунда унааны айдап качкан деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош областык ИИБсинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 8-январда, Араван районунун нөөмөт бөлүмүнө 58 жаштагы жергиликтүү тургун, автоунааны алып кеткен белгисиз бирөөлөргө карата чара көрүлүшүн өтүнүп арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 7-январда болжол менен саат күндүзгү үчтө бирөөлөр Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайынан "ДЭУ- Матиз" үлгүсүндөгү унааны айдап кетишкен.

Бул кылмышка шектелип Араван районунун тургуну, 1990-жылы туулган Р. Уулу М. колго түшүрүлгөн. «Унааларды байкаштырып жаткам. Бир маалда бирөө унаасын токтотуп аны жаппай эле кетип калганын көрдүм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, унааны айдап кеткем»,-деп түшүндүрдү кылмышка шектүү.

Кармалган жаран тергөө абагына киргизилип, иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10530



Добавить комментарий