Вице-премьер-министрликке Санжар Муканбетовдун талапкерлиги жактырылды

9 января 2018 15:54 613 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 9-январда, парламенттин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды.

Санжар Муканбетовду бул кызмат ордуна өкөмт башчы Сапар Исаков сунуштаган, ал эми биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев аны комитетке тааныштырды.

Белгилесек, Муканбетов экономика, каржы жана банк сектору багытындагы маселелерге көзөмөл кылат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10523



Добавить комментарий