Жердин ири чөлдүү аймагы Сахарага калың кар жаады

9 января 2018 15:40 774 Barometr
Поделиться в:
ok

Сахарада калыңдыгы 40 сантиметрге жеткен кар жаады. Түндүктө жайгашкан Айн-Сефра шаарына жакын районго жааган кар аймакты жомоктогудай кубулушка бөлөдү. Кар 7-январда эртең менен түшүп кечке жуук эрип кеткен.

Ушундай эле аномалдуу аба ырайы былтыркы жылы катталган. Метеорологдордун айтымында, Сахарага акыркы 37 жылдан бери ушуну менен төртүнчү жолу кар жаады.

Айн-Сефрада абанын орточо температурасы жай мезгилинде +37, ал эми кышкысын нөл градусту түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10522



Добавить комментарий