Москвада эки кыргызстандык жаранды өлтүрүп кетишти

9 января 2018 15:09 1604 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада көлмөдөн эки кыргызстандыктын сөөгү табылды. Мындай маалымат, кечээ, 8-январда Ватсапп соцтармагы аркылуу жайылтылган. Колдонуучулар маркумдардын сөөгүн тануу өтүнүчү менен коомчулука кайрылып алардын сүрөтүн тартып алып таратышкан. Ал эми россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында көлмөдө эркек кишинин сөөгү табылганы боюнча кыскача кабар жарыяланган. Кийин туугандары сөөктөрдү таанып, маркумдарды туугандары 28-декабрдан баштап издеп баштаганы белгилүү болгон. Barometr.kg сайтына каза болгон тургундардын биринин үй-бүлөсүнүн досу болгон Жылдыз Осмонова билдиргендей, маркум Мурат менен Искен Москвада иштеп жүрүшкөн, алар евро оңдоо жумуштары менен алектенчү. Аларды акыркы жолу 28-декабрда, «Алмаз» кафесинин чыга беришинен көрүшкөн, Мурат менен Искенди ошол учурда белгисиз бирөөлөр унаага түртүп киргизишкен. Ошондон бери аларды эч ким көргөн эмес. Туугандары болсо бардык жактан издегенине карабастан жыйынтык чыккан эмес. "Кафенин ээлери видеожазууну көрүүгө уруксат беришкен эмес. Жазуудан аларды салып кеткен унаанын номерин көрүүгө мүмкүн эле. Капа кылган нерсе кафенин кожоюндары өзүбүздүн эле мекендештерибиз болот»,-деп айтты ал. Осмонова кошумчалагандай, Мурат (сүрөттө кара түстүү футболка кийип турган) Москвага баланын дарылануусу үчүн акча табууга келген. "Бала оор илдетке чалдыккан, ага Германиядан операция жасалмак. Ошон үчүн Мурат иштейин деп Москвага келген. Акыркы ирет ал жубайы менен 28-декабрда эртең менен сүйлөшүп, 10-январга дейре жумуш болбой турганын, акчаны үнөмдөө үчүн Москвада болорун билдирген. Күбөлөрдүн айтымында, Мурат Искен менен кафеге барган»,-дейт Осмонова. Полиция кызматкерлеринин алдын ала маалыматтарына ылайык, жарандар уюшулган кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан өлтүрүлүшү мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/content10520



Добавить комментарий