Бишкектиктерди карактап кеткен төрт жигит кармалды

9 января 2018 13:25 762 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте талап-тоноого шектелген төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милицияга тургундар арыз менен кайрылышкан. Арызда алар 7-январда белгисиз бирөөлөр үйгө кирип келип, коркутуп-үркүтүп уюлдук телефон менен 50 000 сомду алып качышкан деп билдиришкен.

Милиция кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектелип 1990-жылы туулган Б. уулу А., 1997-жылы туулган Т. Уулу Т., 1998-жылы туулган С.Т. жана К.К. кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш колексинин 168-беренеси мене ниш козголду. Кармалгандар тергөө абагына киргизилип, иликтөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10518



Добавить комментарий