Прокурор Салянованын ооруп жатканына ишенген жок

9 января 2018 13:01 1076 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 9-январда, Аида Салянованын иши тууралуу Бишкек шаардык сотунун отурумунда, депутаттын жактоочусу, Салянованын ден соолугунун абалына  байланыштуу процессти токтото туруу боюнча өтүнүч кат менен кайрылды.

Анын айтымында, Салянова бүгүндөн баштап ооруканада жатат. Ал, ишти сакайганга дейре токтотуп турууну суранган.

Айыптоочу тарап мындайга макул болгон жок. Прокурор ошондой эле, Салянова чыны менен эле ооруп жатканын текшерүүнү талап кылды.

Эске салсак, 2016-жылы 26-декабрда, Башкы прокуратура, Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн узартуу тууралуу буйрукка кол койгондугу үчүн Аида Саляновага карата кылмыш ишин козгогон болчу. Ал кезде Салянова юстиция министри болуп турган. Ленин райондук соту аны күнөөлүү деп таап, мүлкүн мамлекетке өткөрүп берүү менен 5 жылга эркинен ажыраткан. Соттун чечимине ылайык, Аида Салянова учурда 2 жаштагы баласы 14кө чыкканда жазасын өтөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10516



Добавить комментарий