Түрмөдө отуруп оорулуу балдардын ата-энелерин алдап жүргөн шылуун кармалды

9 января 2018 12:41 1180 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик жазаларду аткаруу кызматынын жеке коопсуздук кызматы тарабынан, абакта жазасын өтөп жана бул арада кылмыш иштерди дагы жасап жүргөн шылуун  аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жаран, оорулуу балдардын ата-энелерине Түркияда акысыз дарылануу боюнча куру убада берип аларды алдап жүргөн. Мындай маалымат интернетке чыккан.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, бир нече ирет соттолгон, буга чейин жаза өтөө колониясынан качкандыгы үчүн жана алдамчылыкка шектелип 7 жылга кесилген, 30 жаштагы Т.К. кармалган. Ишенимге бат кирген ата-энелерге асылып, алардан акча, тамак-аш, кийим-кечектерди тартып алчу.

Жаранга карата чогултулган материалдар ЖАМКнын тергөө башкармалыгына жөнөтүлүп, кызматтык иликтөө уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10514



Добавить комментарий