Арсендин сүйлөшкөн кызы менен түшкөн сүрөтүн алууга 500 сом сурашкан

9 января 2018 12:03 1243 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, жергиликтүү сайттарда белгилүү ырчы Арсен бойдокчулук менен коштошот, Бегайым аттуу кыз менен таанышып, тойду пландап жатыптыр деген маалымат тараган. Ал тургай айрым сайттын бири Арсендын сүйлөшкөн кызы менен түшкөн сүрөтүн сайттан алып салууга Арсендин продюсеринен 500 сом сураган. Бул тууралуу ырчынын продюсери Миргүл Эсеналиева barometr.kgге билдирди.

“Кечээ, Арсен бойдокчулук менен коштошот деп сүйлөшкөн кызы менен түшкөн сүрөттү айрым сайттар бизден тактабай эле маалыматты чыгарып салышыптыр. Экөөнүн сүлөшкөнүнө бир топ эле убакыт болду. Той качан болоору азырынча белгилүү боло элек. Мен Арсендин кызы менен түшкөн сүрөтүн алдырып салуу үчүн бир сайтка байланышка чыксам менден акча талап кылды. Алгач 1000 сом кийин 500 сом сурашты”,-деди Миргүл Эсеналиева.

Ссылка: https://barometr.kg/content10509



Добавить комментарий