Аляева: «Балдар зомбулугу боюнча иликтөө ыкмаларын өзгөртүү керек»

9 января 2018 11:38 1305 Barometr
Поделиться в:
ok

"Помогать легко" балдар хосписинин башчысы Динара Аляева Кыргызстанда балдарга жасалган зордук-зомбулук боюнча иликтөө жүргүзүү системасын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасында билдирген.

Аляева, балдар зомбулук көргөнү аз келгенсип, ар бир сот процессинде көрсөтмөлөрүн улам сайын кайталоого мажбур болушат деп белгиледи.

"Реабилитациянын ордуна биз тескерисинче баланын психологиялык абалын ырбатып жатпайлыбы. Өнүккөн өлкөлөрдө бардык сурак, иликтөө процесстери атайын жабыдлган бөлмөлөрдө өткөрүлөт, анда бардыгы камерага жазылып калат. А биз дале тергөө жүргүзүүнүн эски ыкмаларын колдонуп келатабыз»,-деп нааразы болду ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content10507



Добавить комментарий