Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин отурумуна карата даярдыктын жүрүшү менен таанышты

8 января 2018 17:12 665 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-январда  Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаевди кабыл алды.

Жолугушууга президенттин аппаратынын орун басары Алмамбет Салиев, президенттин кеңешчилери Жеңиш Разаков менен Асылбек Кожобеков дагы катышты.

Анын жүрүшүндө коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишмердигинин негизги багыттары, ошондой эле коопсуздук  чөйрөсүндөгү приоритеттер  жана коопсуздук кеңешинин  2018-жылга иш планы талкууланды.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңеши мурда кабыл алынган чечимдерди ревизиялап, алардын аткарылышына баа берүүгө милдеттендирди. Тактап айтканда “Кыргыз Республикасынын укук тартибин коргоо органдарынын системасын реформалоо  боюнча  чаралар  жөнүндө”, “Бийлик  органдарында саясый жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” жана Коопсуздук кеңешинин  “Кыргыз Республикасында  жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө”  жарлыктар тууралуу сөз болуп жатат. 

Жээнбеков   мамлекеттик структуралар тарабынан мыйзамсыз аракеттер тууралуу жарандардын кайрылууларына жана арыздарына ыкчам жооп берүү зарыл экендигине өзгөчө көңүл бурду. “Бир дагы арызга мамлекеттик органдар тарабынан көңүл бөлүнбөй калбашы керек”, - деп белгиледи ал.

Президент  кылмыштуулукка каршы  күрөштү жана жарандардын коопсуздугун  камсыз кылууну артыкчылыктуу милдеттердин бири катары атады. “Кылмыштуулукка каршы күрөштү басаңдатууга болбойт, кыргызстандыктар өз үйлөрүндө  өздөрүн коопсуз сезип, беймарал жашашы керек”, -деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/content10488



Добавить комментарий