Премьер-министр милдетин так аткарбаган кызматкерлерди иштен кетирди
Кыргызстандын «2017-жылы 11-апрелде Москвада Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча» мыйзам долбоорун даярдоодо, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыктары үчүн бир катар кызматкерлерге карата сөгүш жарыяланды.
Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, экономика министри Артем Новиков, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго сөгүш жарыяланды. Ал эми экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары Замирбек Ниязалиевге карата катаал сөгүш жарыяланды.
Мындан тышкары, милдеттерин жөнсүз аткаргандыгы үчүн өкмөт аппаратынын бир катар кызматкерлери жумуштан айдалды.
Ссылка: https://barometr.kg/content10477
Добавить комментарий ×