Ооруканада ымыркайды шылдыңдап видеого тарткандарга чара көрүлдү

8 января 2018 12:29 2065 Barometr
Поделиться в:
ok

Сауд Арабиядагы клиникалардын биринде иштеген медайымдар кичинекей наристени шылдыңдап, видеого тартып интернетке чыгарып коюшкан. Видео коомчулукка жайылгандан кийин алар жумуштан айдалган. Маалымдалгандай, наристе инфекциялык дартка чалдыгып, ооруканада дарыланып жаткан. Бул тууралуу Лента.ру билдирди. Видеого медайым баланын бетин колу менен кысып, анын оозу-башын кыйшаңдатканы тартылган.

Ымыркайдын ата-энеси интернетте жүктөлгөн видеодон өзүнүн баласын тааныгандан кийин чуу чыккан. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо башкармалыгы мындай окуяга комментарий берип жатып, наристени шылдыңга алган жумушчулар кызматынан бошотулганын маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10471



Добавить комментарий