Австралияда аба ырайы катуу ысып, температура 47 градуска чыкты

8 января 2018 11:34 1688 Barometr
Поделиться в:
ok

Базар күнү Австралиянын ири шаарында акыркы 79 жылдан бери биринчи жолу эң ысык аба ырайы катталды, анда абанын температурасы 47,3 градуска жетти. Сиднейдин батышында орун алган Пенритте күн мындан дагы ысыды.

Бийлик тургундарга от жагып, сыртта шишкебек бышырууга тыюу салды жана Сиднейдин бардык райондорунда абал кооптуу болуп турганын эскертти. Бул тууралуу Би би си билдирди. Ушундай окуя 1939-жылы болгон, анда термометр 47,8 градуска чыккан.

Новый Южный Уэльс штатында экстремалдуу ысыктын кесепетинен дээрлик 7000 турак үй электр жарыгысыз калды. Буга карабастан учурда Сиднейде Англия менен Австралиянын ортосунда крикет боюнча эл аралык матч өтүп жатат. Стадиондо термометр 57 градус ысыкты көрсөтүп жатат. Эл аралык сиднейлик теннис турниринин катышуучулары жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дө корттон кетүүгө аргасыз болушкан.

Журналист Жейми Пандарам "Твиттерде" катуу ысыктан улам спорт кабарчылары иштей албай коюшканын жазган.

Ал эми Виктория жана Түштүк Австралия штаттарында бир нече үй өрттөнүп кеткен.

Серепчилер мындай аба ырайы менен деңиз сууларына климаттын өзгөрүшү таасир берип жатат деп билдиришкен.

Ал эми бүгүн, 8-январда синоптиктер кайрадан эле ысык аба ырайы күтүлөт, күндүн экинчи жарымында бир аз жамгыр жаайт деп айтышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10469



Добавить комментарий