Энергохолдинг: Менчик секторлор көмүрдү жапырт жакканы үчүн аба кирдеп жатат

8 января 2018 10:23 1144 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук энергохолдинг, Бишкекте аба, ЖЭБдин жаңы фильтрлеринен эмес, менчик секторлор көмүрдү массалык түрдө жагып жаткандыгы үчүн булганып жатат деп аныктады. Бул тууралуу соцтармакта холдингдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыркы убактарда калаанын тургундары шаарды каптап, көккө көтөрүлгөн кара түтүнгө даттанышууда.

"Аба эмнеден булганып жатканы боюнча колдонуучулардын пикирлери ар түрдүү. Айрымдары ага ЖЭБдеги иштер себеп болууда дешсе, кээ бирөөлөр абанын кирдешин унаалардын көбөйгөндүгүнө байланыштырат. Жылуулук электр борбору модернизациялоодон өткөрүлгөндөн кийин, анда түтүндү тазалоочу заманбап түтүктөр колдонула баштаган. Ал жабдык бардык заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берет»,-деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10466



Добавить комментарий