Кикбоксчу Шаршеев: «Кыргыздын жигиттери, келгиле чет жактагы кыздарыбызды коргойлу»
Белгилүү кикбоксчу Дастан Шаршеев кыргызстандыктарды, Россияда эмгек мигранты болуп жүргөн кыргыз кыздарын коргоого чакырды. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасына жүктөгөн видео кайрылууда билдирген.
Анын айтымында, ал Москвада жүргөндө, Кыргызстандан барган мигранттар өздөрүнүн мекендештерин алдап колдонорун байкаган.
"Мекендештер жыргал турмуштун айынан Россияга иштегени кетип жаткан жок. Кыргызстандык мигранттар ар түрдүү жумуштарда иштешет, арасында мектепти жаңы эле аяктаган кыздар да бар. Аларды кыргыздын эле жигиттери алдап турмушун бузган учурлар жок эмес. Эркектерге айтарым, жашоо бул бумеранг, жасаган иштериңер кайтып келет. Келгиле, биригели дагы биздин кыздарыбызды коргойлу”,-деп чакырды ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content10458
Добавить комментарий ×