Түркмөнстанда аялдарга унаа айдоого тыюу салынды

6 января 2018 16:45 1104 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркмөнстанда өткөн жылдын декабрь айынан баштап аялдарга унаа айдоого тыюу салынган. Бул тууралуу басылмалар жазды.

Кокус мыйзамды бузгандар болсо алардын айдоочу күбөлүгү алынып, унаасы айып пул төлөнүүчү унаа жайына токтотулат.

Алгач аялдар мындай тыюу салууларды тамаша иретинде кабыл алышкан. Мындай чечимди түркмөн бийлиги, ички иштер министринин президентке берген докладынан кийин кабыл алышкан.

Ведомствонун маалыматына ылайык, республикадагы болуп жаткан жол кырсыктарынын көбү айдоочу-аялдардын айынан келип чыгууда. Түркмөнбашы кырдаалды жөнгө салууну тапшырган, ал эми ИИМ чечкиндүү чараларды көрүүгө баштаган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10453



Добавить комментарий