Назик Анарбекова: Менин дарегиме айтылган сындарга териккен жокмун

6 января 2018 16:24 1731 Barometr
Поделиться в:
ok

Буга чейин кыргыз эстрадасында «Айылдык жигит» аттуу ыры менен таанымал болгон Назик Анарбекова көпчүлүк интернет колдонуучуларынын талкуусуна түшкөн эле. Ырчы клипке карата айтылган сындарга эч кандай терикпегенин barometr.kgге билдирди.

“Ыр өткөн жылдын жай айларында тартылган болчу. Клип жарык көргөндө мага такыр жаккан жок. Мындай эле тамашалуу ыр экен деп “Ютуб” каналындагы баракчама жайгаштырып койгон элем. Бир канча ай өткөндө бирөөлөргө катуу таасир бергенби элдин талкуусуна түштү да калды. Ырды капысынан ырдап калгам. Курбу кыздарым чогуу отуруп негедир балдар тууралуу ыр жок экен сен ырдап чыкпайсыңбы сунушташканынан аткарып чыктым. Клип дагы тартып, ага деле каражат кетти. Кийин эл арасында сындар көп эле айтылды. Бирок, мен ага териккен деле жокмун. Мурун кандай болсом ошондой эле жүрөм”,-деди Назик Анарбекова.

Ырчы жакында жаңы ыр жаздыра турганын, ашкери боёнбогон кыз экенин кошумчалады.

“Эми мени жакындан билбеген соң ар ким ар кайсыны айта беришет. Жашоодо мени башкача кызмын. Көп боёнбойм. Келечекте өзүмдү ар кайсы тармактан сынап көргүм келет”,-деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content10452



Добавить комментарий