Өз энеси 11 жаштагы кызын лөлүлөргө кулчулукка сатып жиберген

6 января 2018 13:27 1262 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Темиртау шаарында адам сатуунун курмандыктары үчүн түзүлгөн аймактагы жападан-жалгыз башпаанек ишмердүүлүгүн токтотту.

Долбоор жергиликтүү башкармалык тарабынан каржыланчу. Бул жылы бюджеттик каражаттан баш тартылган. Бул тууралуу 31 канал билдирди. Бул борбор болгону жети орунга эсептелген, бирок бул жакка келгендердин саны арбын эле. Өткөн жылы борборго 17 киши кайрылган. Негизинен кошуна мамлекеттердин жарандары көп кайрылышат.

Россиялык Ирина аттуу кыз Казакстанга 11 жашында келген. Аны өзүнүн энеси лөлүлөргө кулчулукка сатып жиберген. Анда Ирина көзү көрбөгөн чал менен оорулуу баланы бакчу. 6-класстан кийин кожоюндар кызга окууңду ташта деп буйрук беришкен. Ирина 18ге толгондо лөлүлөрдүн тобунан качып чыгууга ага кошунасы жардамдашкан. Ирина кулчулукта жүргөн жылдары алдан тайып, арыктап жүдөп калганын кошунасы байкаган. Кийин ал эркиндикке чыкканда турмушка чыгып балалуу болгон, ал турсун россиялык паспортту алууга жетишкен. Бирок баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүктү азыркыга дейре алалбай келет.

Аталган борбордун директору Оксана Тарабукинанын айтымында, мындай көйгөйлөрү менен көп адам кайрылат.

«Бизде документ алалбай жүргөн бүтүндөй үй-бүлөлөр бар. Алар адам сатуунун курмандыктары болгон кишилер»,-дейт ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content10451



Добавить комментарий