Бишкекте 18 жаштагы бала тургундан телефонун күч менен тартып алган

6 января 2018 13:07 619 Barometr
Поделиться в:
ok

Милиция кызматкерлери тарабынан, карактоого шектелген 18 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, буга чейин Октябрь райондук ИИБсине Бишкектин тургуну арыз менен кайрылган. Жарандын айтымында, өткөн жылы 16-декабрда, болжол менен саат кечки сегиз жарымдарда Элебаев көчөсүнөн, 18-20 жаштардагы белгисиз жаран арыздануучуну коркутуп-үркүтүп анын баасы 12 500 ос турган уюлдук телефонун уурдап качкан.

Бул факт тууралуу Кылмыш кодексинин 167-беренеси боюнча (Карактоо) иш козголду.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10450



Добавить комментарий