Начар аба ырайына байланыштуу Төө-Ашууга кошумча техника жөнөтүлдү

6 января 2018 12:38 1129 Barometr
Поделиться в:
ok

Боло турчу өзгөчө кырдаалдарды ыкчам жөнгө салуу жана аба ырайынын бузулушуна байланыштуу, Төө-Ашуу, Суусамыр өрөөнү-Ала-Бел ашууларына (Бишкек-Ош автожолу) ӨКМ тарабынан чаралар күчөтүлүп, ал жактарга техника жана адамдар жөнөтүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын тоолуу автожолдорунан өтө турган айдоочуларга, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайт:

  • Гидрометеорология агенттигинин берген аба ырайы тууралуу маалыматка көңүл буруу;
  • Тоолуу жолдордон жүрүп баратканда транспорт каражаттарынын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
  • Милдеттүү түрдө кышкы дөңгөлөктү колдонуу;
  • Дарыкана кутусун, күрөк жана чынжырларды сала жүрүү.

Чукул абалдарда 112 кызматына телефон чалуу керек, чалуу акысыз.

Ссылка: https://barometr.kg/content10448



Добавить комментарий