Аламедин районунда пенсионердин уюн уурдаган жаран кармалды

6 января 2018 12:22 1054 Barometr
Поделиться в:
ok

Өткөн жылдын 30-декабрында Аламедин райондук ИИБсине, Кой-Таш айылынын 60 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда жаран 29-декабрда анын үйүндөгү сарайдан мал уурдап чыккан белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү талап кылган.

Бул тууралуу Чүй областык ИИББсинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) мене ниш козголду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип Ысык-Көл областынын 40 жаштагы Т.Т. аттуу жашоочусу кармалган.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10447



Добавить комментарий