Новосибирскте каза болгон кыргызстандык жарандардын сөөгү мекенине жеткирилет

6 января 2018 10:59 1470 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, ушул жылы 4-январда Новосибирсктеги бут кийим кампасында чыккан өрттөн каза тапкан кыргызстандык жарандардын өлүмүнө байланышкан маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Новосибирсктеги вице-консулдугу жергиликтүү бийлик органдары жана Россиянын иликтөө органдары менен дайыма байланышта болуп турат.

Кыргызстандын консулдук мекемелери, жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча иштерди уюштуруу, Россиянын Новосибирск областы боюнча Мамлекеттик эмгек инспекциясы жана жумуш берүүчү менен, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөтүү боюнча өз аракеттешүүгө багыттылган.

Эске салсак, 4-январда кампадан чыккан өрттүн кесепетинен эки кыргызстандык: 1994-жылы туулган Б.У.Д. жана Т.Ю.С. мерт кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/content10446



Добавить комментарий