Ереванда жабыркаган кыргызстандык кыздын абалы туруктуу оор

6 января 2018 10:35 975 Barometr
Поделиться в:
ok

ЖМКда Арменияда Кыргызстандын жараны жанын кыюуга аракеттенгени боюнча чыккан билдирүүлөргө байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги «Кыргызстандын Арменидагы ардактуу консулунун маалыматына ылайык, тизесинен оор жаракат алган кыздын абалы учурда туруктуу, операция жасоо пландалууда» деп билдирди.

"Буга катар дарыгерлер азырынча бейтапка киргизүүгө уруксат бере элек. Армениянын ккук коргоо органдары окуянын жагдайын иликтеп жатышат. Консулдуктун өкүлдөрү медициналык мекемеде жүрүшөт жана жаранга керектүү жардам берүүгө даяр. Маселе министрликтин көзөмөлүндө»,-деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, ТИМнин маалыматы боюнча, жаран суицид жасоо аракетине чейин Еревандагы «Амкор Армения» кайрымдуулук фондусунда болгон. Кыз ал жакка, ал топ адамдар менен, 2017-жылдын 29-декабрында, Армениянын Иран менен чектешкен аймагынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганы үчүн кармалгандан кийин гана жайгаштырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10444



Добавить комментарий