Түрмөдө эркектер жөн отурбай иттерди машыктырып алар менен достошот

5 января 2018 18:24 1320 Barometr
Поделиться в:
ok

Американын абактарында иттер камакта отурган жарандар менен бирге жүрүшөт. Бул тууралуу социалдык тармакта жарыяланган видеодон маалым болду.

Виедодон байкалгандай, камактагы жарандар бекер отурбай иттер майып адамдарды жетелеп жүрө тургандай кылып машыктырып, үйрөтүшөт. Көп жылдар бою бул каардуу эркектер коомго өзүнүн эмоциялык сезимдери менен бөлүшө албай келген. Эми болсо алар иттерди таптап алар менен ойноп жатып өздөрүн жаш баладай сезип жыргап алышат. Жаныбарларды бир нерсеге машыктыруу аркылуу камактагылар сылык жылуу сөз сүйлөөгө үйрөндү. Иттер менен абакта отурган кишилер бир нече жума, ал тургай айлар бою чогуу убакыт өткөрүп келишет. Бирок кези келгенде иттерди ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, тактасак, көрүүсү же угуусу начар адамдардын колуна өткөрүп беришет. Мындай учурларда абактагылар үчүн дос болуп калган жаныбары менен коштошуу өтө оор. Колдо багылган бул жаныбарлар ошентип, мындай колдоодон кур калган жүздөй адамдардын жашоосун өзгөртөт....

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10427



Добавить комментарий