Ырчы Айнура Салахидинованын уулдарын төрт ирет ажыга барган хирург сүннөткө отургузду

5 января 2018 16:32 2275 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү эстрада ырчысы Айнура Салахидинова уулдарын сүннөткө отургузду. Бул тууралуу ырчы barometr.kgге билдирди.

“Уулум Дары 4 жашта, Бекхан 3 жашта. Аларды кечээ Бишкектеги ооруканалардын биринен 4 жолу ажыга барып, келген белгилүү хирург сүнөткө отургузду. Шарият боюнча уул бала жарык дүйнөгө келгенде эле отургузат экен. Азыр 3-5 жаштагы балдарды сүннөткө отургузуп жатышат. Биз барганда туулганына 7 күн болгон ымыркайды сүннөткө отургузушту. Кудай буюрса уулдарымдын сүннөт тоюн күз айларына пландап жатабыз”,-деди Айнура Салахидинова.

Мындан тышкар чыгармачылыгы менен тең бөлүшкөн ырчы жакында эле белгилүү компазитор Түмөнбай Колдошевдин обонуна таандык “Аяп сүйгөм” деген чыгарманы жаздырып, жакынкы күндөрү клип тарта турганын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10422



Добавить комментарий