Кайрат Кыргыз: «Имиджиме коомчулук акыры көнөт»

5 января 2018 14:02 1783 Barometr
Поделиться в:
ok

Кайрат Кыргыз каймана аты менен белгилүү болгон ырчы мырзанын «Жаштык кез» чыгармасына тартылган клиби коомчулукта катуу сынга алынганы талашсыз.

Клип аз убакыттын ичинде популярдуулукка жеткен. Социалдык тармактарда айрым колдонуучулар ырчынын кийинүү стили кыргыз менталитетине туура келбейт деген оюн билдиришсе, кээ бирөөлөр тескерисинче ырчынын образын, чыгарманын өзүн жактырышкан.

Ырчы өзү коомдо айтылгандарга түз көз карашта, курч сындарга мурун эле даяр экенин айтат. Анын айтымында, ал өзүнүн стилин аныктоого аракеттенген.

«Эми сын-пикирлер айтылат да. Элдин арасында болгондон кийин ар бир адамдын өз эрки дегендей ар ким өз деңгээлине жараша сөздөрдү сүйлөйт. Сахнага жашоомдогу образым менен чыксам адамдарды кызыктыра албайт элем, андыктан мен өзүмдүн жеке имиджимди табууга далалат кылдым»,-дейт ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/content10416



Добавить комментарий