Бишкекте "Бир Эки" кафесинен куулуп чыккан аял жардамга муктаж

5 января 2018 13:53 1798 Barometr
Поделиться в:
ok

Cоциалдык тармактарда колдонуучулар, 2-январда «Бир Эки» тез тамактануучу жайынын персоналы жупуну кийими үчүн кууп чыккан аялды табышты.

Колдонуучу Сезеля Субанова «Кара тизме» тобунда, мурунку билдирүүнүн автору ал аялды тапканын жана ага жардам керектигин жазган. Жарандын аты Радмила.

"Мурунку посттун автору @jazgul_soodonbekova ал аялды таап байланыша алды»,-деп жазган Сезеля Субанова.

Кыздын айтымында, Радмила онкологиялык дартка чалдыккан.

"Ал катуу ооруп жатат, төрт баласы бар, жардамга муктаж. Ден соолугуна байланыштуу ага иштөө кыйынчылык жаратууда. Азыркы тапта балдарды чоң энеси багып жатат, ал дагы ооруйт. Ал Карл Маркс көчөсүндө, «Бета Сторес-2» маркетине каршы тарапта жашайт", - деп жазды Субанова.

Радмиланын телефон номери - (0557) 515-871.

Сезеля Субанова "Бир Эки" кафесинин кызматкерлерин Радмиланын тынчын албоого чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10414



Добавить комментарий