Бишкекте мас абалындагы милиционер катышкан жол кырсыгы катталды

5 января 2018 12:39 2919 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 4-январда, Бишкектеги Чекиш-Ата базарына жакын жерде "Toйота Камри" үлгүсүндөгү унааны башкарган милиция кызматкери жол кырсыгын шарттаган.

Күбөлөр окуяны видеого тартып Barometr.kg редакциясына жөнөтүшкөн.

Видеодон, милиционердин формасын кийген жаш жигит боз түстөгү талкаланган унаага басып келгенин, нааразы болгон унаанын ээси аны урушуп жатканын көрсө болот. Автоунаанын жанында аялдар балдары менен турат, болжол менен алар бул унаанын жүргүнчүлөрү.

Видеожазууда көрүнгөндөй, нааразы болгон эркек менен аял милиционерди урушуп,, ал эми коркуп калган балдар ыйлап жатат.

"Форма менен күбөлүгүнө жамынып алып мас абалында унааны айдап жүрөт»,-деп эркек киши кыйкырган. Күбөлөр ага милиция чакыртуусун айтышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content10410



Добавить комментарий