Жетимиш бала президенттен белек алышты

5 января 2018 12:23 498 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 70 бала президент Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык белектерди алышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчынын дарегине өлкөнүн бардык булуң-бурчунан 6-14 курактагы балдардан президенттин колунан белек алуу өтүнүчү менен кайрылган каттар келген. Алардын ичинде мектепте мыкты окугандар, активисттер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле турмуштук кыйын кырдаалда калган балдар бар.

Бул келген каттарга байланыштуу Жээнбеков КРдын Президентинин алдындагы Билим берүү фондусунан каражат бөлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content10409



Добавить комментарий