"Манас" университетинин студенти интернеттеги билдирүүсү үчүн окуудан чыгарылды

5 января 2018 12:06 1132 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти Омер Йенер, интернетке жүктөгөн видеосу үчүн окуудан чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» окуу жайдын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Айзат Таласбаева билдирген.

Видеодо студент Бишкекте Жаңы жылды майрамдоо боюнча жактырылбаган сөздөрдү айткан. Мындай билдирүү интернетте колдонуучулардын сын-пикирин жана нааразычылыктарын жараткан.

"Университет Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөө максатында түзүлгөн. Студенттин видеосу окуу жайдын концепцияларына ылайык келбейт жана ал анын жеке пикири болуп эсептелет»,-деп билдиришти аталган окуу жайдан.

Белгилесек, Кыргыз-түрк «Манас» университети 1995-жылы курулган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10407



Добавить комментарий