Беловодскидеги кандуу окуя: кылмышкерлер 2 айлык наристеге тапанча такап акча талап кылган

5 января 2018 11:53 2033 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылы 1-январда Чүй областына караштуу Москва районундагы Беловодск айылынын Красина көчөсүндө жайгашкан үйгө эки адамдын өлүмү менен аяктаган талап-тоноочулук жасалган. Учурда бул үй-бүлөнүн акча каражаттары тууралуу кабар айткан киши изделип жатат. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» телеканалы билдирди.

Окуя мындайча болгон: үйдүн кожоюну, анын жубайы, аялынын энеси, кызы, күйөө баласы жана кичинекей наристес болуп Жаңы жылды белгилеп жатышкан. Таңкы саат төрттөрдө үйгө бет капчан белгисиз бирөөлөр кирип келишкен. Дароо эле 45 жаштагы аял жана анын 69 жаштагы энесине ок атылган. Кийин кылмышкерлер 45 жаштагы үй ээсинин 2 айлык небересине мылтыкты такап, акча талап кылышкан. Үйдөгү бардык баалуу буюмдарга ээ болгон шылуундар үйдүн кожоюнун атып качып кетишкен.

Кожоюн тирүү калган, ал телефон аркылуу кошуналары менен байланышкан.

Окуя болгон жерден октор табылган. Катуу жарадар болгон үй ээси ооруканага жаткырылып, операция жасалды.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектелген 19, 20 жана 23 жаштагы жарандарды колго түшүргөн.

Тинтүүнүн жүрүшүндө алардан 93 000 сом, алтын буюмдары, тапанча, автотранспорт алынган. Учурда иликтөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10406



Добавить комментарий