Новосибирскте бут кийим кампасынан чыккан өрттөн эки кыргызстандык мерт кетти

4 января 2018 16:40 862 Barometr
Поделиться в:
ok

Новосибирск областында бут кийим кампасында чыккан өрттүн кесепетинен 10 киши каза тапты, алардын экөөсү Кыргызстандын жарандары. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Искитимск районундагы Чернореченский кыштакчасындагы өрт тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык органына жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө келген. Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында жети киши Кытайдын, экөө Кыргызстандын, би радам Россиянын жарандары болгон.

Учурда окуя болгон жерде иликтөөчүлөр иш алып барууда. Өрт, электр линияларынын биригип калышынан улам чыккандыгы айтылган. Бул факт боюнча иш козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/content10388



Добавить комментарий