“Жебе” тобундагы Медер кайда?

4 января 2018 15:48 1922 Barometr
Поделиться в:
ok

Кирип келген Жаңы жылга карата бир катар телеканалдар көгүлтүр от, жаңы жылдык кечелерди уюштурушуп көрүүчүлөргө тартуулашты. Бул иш-чараларга бир катар эстрада ырчылары, өнөр адамдары катышып өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Бул жолку жаңы жылдык көрсөтүүлөргө 4 жигиттен куралган “Жебе” тобунда 3 гана солисти катышты. Көпчүлүк Интернет колдонуучулары “топтун солисти Медер топтон кетип жатабы? Эмнеге чогуу ырдаган жок?” деген сыяктуу суроолорду калтырышкан. Биз бул маалыматты тактоо үчүн топтун жетекчиси Кенже Дүйшеевага байланышканыбызда ал barometr.kgге буларды айтып берди.

“Медер топтон кеткен жок. Музыкалык билим алуу үчүн учурда Германияда жүрөт. Кудай буюрса билимин алып бүткөн соң топ менен чогулуп чыгармачылыгын улантмакчы. Алыста жүргөнүнө байланыштуу жаңы жылдык кечелерге катыша алган жок. Быйыл “Жебе” тобунун 7 жылдык мааракелик концерти өтөт. Ага даярдык көрүп жатабыз. Өткөн жылы топтун ар бир ырчысына клип тарттырып келген болсом. Быйыл топтун клиптерин тартмакчыбыз”,-деди Кенже Дүйшеева.

Ссылка: https://barometr.kg/content10384



Добавить комментарий