Өкмөт башчы Бишкек-Ош жолундагы транспорттук байланышты жакшыртууну тапшырды

4 января 2018 15:44 723 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 4-январда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты.

Анын жүрүшүндө катуу жааган жаан-чачындын кесепеттерин жоюу, ошондой эле республиканын негизги унаа жолдорун тазалоо боюнча чаралар талкууланды.

Өзгөчө кырдаалдар министри маалымдагандай, катуу жааган жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун тоолуу тилкелеринде унаалардын өтүүсү убактылуу кыйындаган.

Кубатбек Бороновдун айтымында, тоолуу жол тилкелериндеги тыгындардын негизги себеби айрым жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын кышкы шартка даярдык көрбөгөндүгү, башкача айтканда, кышкы дөңгөлөк, чынжыр жана зым аркандардын жоктугу, ошондой эле айдоочулардын маданиятынын төмөнкү деңгээли болгон.

Жолугушууда белгиленгендей, Бишкек-Ош унаа жолунун айрым тилкелеринде тийиштүү кызматтар тарабынан тазалоо иштери өз учурунда жүргүзүлгөн эмес.

Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине республиканын негизги жолдорундагы үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыздоо боюнча колдон келген көмөктү көрсөтүү тапшырмасын берди.

Ссылка: https://barometr.kg/content10383



Добавить комментарий