Исхак Масалиев төраганы депутаттардын беделин сактоого чакырды

4 января 2018 15:26 614 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Исхак Масалиев парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековду Жогорку Кеңешти коргоого чакырды. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасына жазган.

Масалиев, төрага парламентти коргоого милдеттүү деп эсептейт.

"Пикириң баарына эле жага бербеси түшүнүктүү. Бир нече мүнөт мурда мен, спикерге, ЖМК менен жакшы иштешүү, терс материалдарга көзөмөл жүргүзүү, журналисттер үчүн брифингдерди бат-баттан уюштуруп туруу жана парламент менен депутаттардын кадырын коргоо талабы менен кайрылдым. Сын керек. Өлкөдөгү болуп жаткандарга биринчи кезекте аткаруучу бийлик органдары жоопкер, ал эми депутаттар иш үчүн шарттарды түзүшү керек. Парламентарийлер түрдүү экени талашсыз. Ошентсе да төрага бийлик органы катарында, Жогорку Кеңешти коргоого милдеттүү. Болбосо биз өнүгө албайбыз»,-дейт ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content10382



Добавить комментарий