Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын директорун кабыл алды

4 января 2018 15:11 600 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 4-январда президент Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу системасын жакшыртуу, ведомствонун ишмердигинин негизги багыттары талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, анын ичинде аймактардагы жетекчилердин дагы - айыл өкмөт башчыларынын, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдердин жана алардын орун басарларынын, ошондой эле өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатуу жана окутуу боюнча жумушту күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдөн дагы окутуу жана квалификациясын жогорулатуу милдетин койду.

Мындан тышкары Жээнбеков мамлекеттик кызматкерлердин резервин түзүүгө өзгөчө көңүл буруп, буга байланыштуу аларды андан аркы жумушка орноштуруу жана ар дайым квалификациясын жогорулатуу максатында Улуттук кадр резервинин иш механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Акрам Мадумаров 2018-жылы мамлекеттик аймактык структуралардын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында окутуу пландалып жатканын маалымдады.

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун маалыматына ылайык, 2018-жылдын 15-январына чейин бардык жарандар, анын ичинде мамкызматтын кызматкерлери дагы Улуттук кадр резервине андан аркы кызматка орношуу жана сөзсүз түрдө квалификациясын жогорулатуу шарттары менен документтерин тапшырса болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10381



Добавить комментарий