Исаева: «Крим чөйрөнүн өкүлдөрү эркиндикте, атам болсо камакта отурат. Акыйкат кайда?»

4 января 2018 13:44 1740 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда колдонуучулар, депутат Канатбек Исаевди камактан бошотууну талап кылган акция өткөрүп жатат.

Акцияны эл өкүлүнүн кызы Бермет Исаева баштаган.

Ал интернеттеги баракчасында, анын атасынын күнөөсү жок экенин, андыктан аны бошотуу керектигин жазган.

Ал эми колдонуучулар Исаеваны колдоп чыккан.

Бермет Акаеванын айтымында, айып койгон тарап Канат Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну талап кылган. Мындан улам Исаева, “эмнеге крим чөйрөнүн өкүлдөрү Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев боштондукта жүрөт, ал эми атам камакта отурат?» деп суроо салган. 

"Коомчулук атама карата козголгон кылмыш иш тууралуу маалыматтардан 7 жылдан бери кабардар: бир туруп иш козгошот, кайра туруп токтотушат, же айыпташат, же коргошот. Бул жолу болсо 20 жылга эркинен ажыратууну талап кылышууда! Иликтөө бүттү, биз болсо күндөн-күнгө соттун чечимин күтүп келебиз. Атамдын күнөөсү кайсы? Алгачкы кылмыш ишин 2010-жылы козгошкон. 2011-жылы атам башкы прокурор Байболовду “Альфа Телекомго” байланыштуу алдамчылыкка катыштыгы бар деп айтыптап, ага каршы чыккан. Анда ишти кайрадан жаңылашты. Бирок Отунбаева К.Байболовду кызматынан четтеткен, анан ишти кайрадан жабышкан.

2016-жылы атам Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы болгон. Анда үчүнчү жолу иш козголду. Атамдын күнөөсү эмнеде? Азыркы тапта мамлекетке зыян келтирилген жок, каржы же башка жоготуулар болгон жок. Ошондо дагы 20 жылга эркинен ажыратууну суранып жатышат»,-деп нааразы болду ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content10374



Добавить комментарий