Кыргызстандын элчиси Катар парламентинин спикери менен жолугушту

4 января 2018 13:08 512 Barometr
Поделиться в:
ok

Доха шаарында Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев Катар парламентинин төрагасы менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө, Ниязалиев Катар мамлекетинин Мажилис аш-Шуранын жаңы шайланган спикери Ахмед бин Абдулла бин Заид Аль-Махмудга, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун куттуктоосун жолдоду. Кайрылууда эки өлкө ортосундагы достук алакаларды бекемдөөгө өбөлгө түзгөн парламенттер аралык кызматташтыкты  өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленген.

Элчи катар парламентинин төрагасына Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, Кыргызстандын Катар мамлекети менен саясий, соода-экономикалык, маданият тармагындагы кызматташтыктын келечектери туурасында маалымат берди.

Ссылка: https://barometr.kg/content10371



Добавить комментарий