Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу боюнча жарлыктарга кол коюлду
Поделиться в:
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 8 жарлыкка кол койду.
Анын ичинен президенттин 6 жарлыгы КРдын жарандыгына 1210 адамды (1056 - чоң адамдар, 154 - балдар) кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү Өзбекстандын жана Тажикстандын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун 2 жарлыгы 629 адамды (477 - чоң адамдар, 152 - балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.
Ссылка: https://barometr.kg/content10369
Добавить комментарий ×