Ханзаада Гарринин үлпөт тою өлкө экономикасына 700 миллион доллар киреше алып келет

4 января 2018 11:53 1574 Barometr
Поделиться в:
ok

Brand Finance компаниясынын жетекчиси Дэвид Хэй, ханзаада Гарринин тоюнда мейманканаларды брондоо, транспорттук кызматтарды колдонуу жана туризмден өлкө экономикасына болжол менен 272 миллион доллар каражат түшөт деп болжоодо. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Британиялык тактынын бешинчи мураскери, ханзаада Гарри менен америкалык актриса жана модель Меган Марклдын алдыдагы үйлөнүү үлпөт тою Королдуктун экономикасына 680 миллион доллар киреше алып келиши керек. Мындай алдын ала баалоону аталган консалтингдик ишканасынан Реутерс агенттигине берген маеги учурунда билдиришкен.

Анын серепчилери, Улуу Британияда ушул жылдын май айына белгиленген Гарринин үлпөт тоюн өз көзү менен көрүү үчүн, мурунку жылга салыштырмалуу, өлкөгө кошумча 350дөн кем эмес турист келерин күтүүдө.

Белгилесек, ханзаада Гарри менен Меган Марклдын никеге туруу салтанаты 2018-жылы 19-майда өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10366



Добавить комментарий